Акыйкатчы аскерде кызмат өтөгөн жоокерлердин өлүмүнө тынчсыздануусун билдирди
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева аскерде кызмат өтөп жаткан жоокерлердин өлүмү катталып жатканына олуттуу тынчсыздануусун билдирет.
Жамиля Жаманбаева айтымында, айрым кайгылуу окуялар аскер кызматкерлеринин ортосундагы уставдык эрежелердин бузулушу, ошондой эле өздүк курамдын моралдык-психологиялык абалына жетиштүү көңүл бурулбагандыгы менен байланыштуу болушу мүмкүн.
Акыйкатчы улуттук мыйзамдарга жана эл аралык укук нормаларына ылайык, ар бир аскер кызматкери жана жоокер мамлекеттин коргоосунда болууга тийиш экендигин белгилейт.
Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМКК) Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү департаментинин №5 батальонунда кызмат өтөгөн жоокердин каза болгондугу тууралуу маалыматты алгандан кийин дароо аскер бөлүгүнө барып, мониторинг жүргүздү.
№5 аскер бөлүгү Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылында жайгашкан. Анда 30 аскер кызматкери жана 90 жоокер кызмат өтөйт.
Аскер бөлүгүнүн маалыматында, 16-июль күнү эртең мененки саат 5:30да Нарын облусунун Кочкор районунда, 2005-жылы туулган Т.Б. аттуу жоокер асынып турган абалда командирдин кабинетинен табылды.
Т.Б. өзүнүн куру менен жылытуу системасынын түтүгүнө асынып алган. Ал түнү Т.Б. прапорщик И.Ж.А. менен бирге нөөмөттө болгон. Чогуу кызмат өтөгөн жоокерлердин айтымында, алар шашки ойноп, андан кийин Т.Б. газондорго коюлуп жаткан сууну текшерүүгө кеткен. Жарым сааттан кийин аны асынып турган абалда табышкан.
Маркум кат калтырып кеткен. Бирок Омбудсмен институтунун өкүлдөрү аны менен тааныша алышкан жок, анткени Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Батальондун командири А.Д.У.нун айтымында, маркум катында аны менен чогуу кызмат өтөгөн жоокер тарабынан психологиялык кысымга кабылганын жазган.
Т.Б. 2025-жылдын 21-апрелинен баштап кызмат өтөгөн. Батальондун командиринин маалыматында, жоокер аскер бөлүгүнө түшкөндө психолог ага көз салып турууну сунуштаган. Андыктан командир аны радист кылып дайындап, өзүнүн кабылдамасына олтургузган.
Аскер бөлүнгөндөгү жоокерлердин пикиринде, Т.Б. үч айлык кызматынын ичинде тынч жүрүп, эч ким менен чатакташкан эмес, аз сүйлөп, физикалык жактан чың болчу.
Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, анын денесинде зордук-зомбулуктун белгилери табылган жок. Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүүдө.
Жамиля Жаманбаева Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигин мындай окуялардын алдын алуу боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө чакырат.
Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү департаментиндеги психологиялык климатты аныктоо үчүн, кесипкөй психологдорду тартып, анонимдүү анкеталарды колдонуу керектигин белгилейт.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына аскер кызматкерлеринин укуктарын коргоо боюнча сунуштарды камтыган кат жөнөтүлөт.