Акыйкатчы жана РФнын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бишкектеги №1 тергөө абагына барышты

11/07/2025 - 14:17

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова менен Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына барды. 

Татьяна Москалькованын Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында улуттук укук коргоо мекемелеринин жетекчилери, атайын прокурор Эмилбек Уркунбаев жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Сарчаевдин коштоосунда тергөө абагынын шарттары жана анда кармалгандардын укуктарынын камсыздалышы менен таанышышты. Алар камераларды кыдырып, 19 камакка алынган адам менен баарлашышты.

Мындан тышкары, алар Кыргызстандын жана Россиянын жарандыгы бар беш кишиге юридикалык консультация беришти. 

Камакка алынгандардан кармоо шарттарына даттануулар түшкөн жок, бирок айрымдары кылмыш иштери боюнча тергөөнүн жүрүшүнө нааразычылык билдиришти. 
Жамиля Жаманбаева жана Татьяна Москалькова тергөө абагындагылардан келип түшкөн кайрылуулар боюнча биргелешип иштөө боюнча макулдашты.