Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова Бишкекке келди

09/07/2025 - 09:24

Россия Федерациясынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова иш сапар менен Бишкекке келди. 
"Манас" эл аралык аэропортунда аны Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева тосуп алды. 
Сапардын алкагында Татьяна Москалькова Акыйкатчы институтунун кеңсесине барат. 
Жолугушууда эки өлкөнүн укук коргоочулары эки тараптуу алака, мигранттардын укуктары жана башка маселелер боюнча пикир алмашып, 2025–2026-жылдарга кызматташуу боюнча кошумча протоколго кол коюусу пландаштырылган. 
Ошондой эле Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурланбек Азыгалиев жана башкы прокурор Максат Асаналиев менен жолугушуусу каралган. 
Сапардын программасында Татьяна Москалькованын Бишкектеги Тергөө абагында кармалып турган Россиянын жарандарына баруусу дагы пландаштырылган.