Акыйкатчы Институту кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурс жарыялайт

25/06/2025 - 15:06

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарынын улук жана кенже тобун ээлөө үчүн кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

- жеке арыз;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), резюме (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

– дипломдун көчүрмөлөрү;

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

- паспорттун көчүрмөсү.

Конкурстка катышуу үчүн 2025-жылдын 25-июнунан тартып 8-июль күнү кошуп (9:00-17:00) документтерди төмөнкү дарек боюнча алып келүү керек: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү 120 дареги, каб. № 204 кадр бөлүмү, тел.: (0312) 66-32-97.

Конкурстун толук шарттары-тиркелген файлда.

Документтердин толук пакетин тапшырбаган, ошондой эле коюлган талаптарга ылайык келбеген талапкерлер конкурска киргизилбейт.



Дополнительные материалы:

File kvalifikayalyk_talaptar.docx