Акыйкатчы Be Woman Central Asia форумунда аялдар коомдогу өзгөрүүлөргө салым кошуп жатканын белгиледи
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Бишкекте өткөн Be Woman Central Asia форумунда аялдардын укуктарынын корголушу жана алардын лидерлигинин өнүгүүсүнө багытталган аракеттер туурасында сөз сүйлөдү.
Форум аялдардын укуктарын, лидерлигин жана коомдук турмушка кошкон салымын талкуулоого арналды.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ишкерлер, укук коргоочулар жана аял-лидерлер катышты.
“Мен үчүн бүгүнкү форумга катышуу чоң сыймык. Бүгүн биз бул жерде аялдардын укуктарын, лидерлигин жана тең укуктуулукту илгерилетүүгө багытталган бирдиктүү максат менен чогулуп жатабыз. Бүгүнкү күндө, дүйнө жүзүндө аялдардын үнү барган сайын күчөп, коомдук өзгөрүүлөргө реалдуу таасир этүүдө”, - деди өз сөзүндө Акыйкатчы.
Акыйкатчы Кыргызстанда аялдардын укуктарын коргоо жаатында бир катар жетишкендиктер бар экенин белгилеп өттү.
Алсак, гендердик квоталар мыйзам менен бекитилген, үй-бүлөлүк зомбулукка коргоо мыйзамы кабыл алынган жана КМШда биринчилерден болуп эмгек чөйрөсүндө зомбулукту жана ыдык көрсөтүүгө каршы Эл аралык эмгек уюмунун №190-Конвенциясы ратификацияланган.
Ошону менен катары эле, 2030-жылга чейинки аялдардын лидерлигин колдоо программасы ишке ашырылууда.
Акыйкатчы Институту аялдардын укуктарын коргоодо жана зомбулуктун алдын алууда активдүү иштерди жүргүзүүдө.
Институт 2024-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо мыйзамынын аткарылышына анализ жүргүзүп, ведомстволор аралык кызматташуунун алсыздыгын аныктаган. Жыйынтыгында Министрлер Кабинетине сунуштар жөнөтүлүп, азыркы учурда алар ишке ашырылып жатат.
Ошондой эле, “Энелер үчүн укук сааты” аттуу акция өткөрүлүп, миңден ашуун аял укуктук кеп-кеңештерди ала алган.
“Аялдардын лидерлиги – бул жөн гана тренд эмес, замандын талабы. Биз аялдардын лидерлигин колдоп, аларга тең укуктуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен гана коомду өнүктүрө алабыз” – деп баса белгиледи Жаманбаева.
Акыйкатчы сөзүн жыйынтыктап жатып, форумдардын маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул аянтчада тажрыйба алмашуу, өз ара колдоо жана аялдардын укуктары үчүн чогуу күрөш жүрөрүн белгиледи.
Белгилей кетсек, Be Woman Central Asia форуму алгач 2024-жылы Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп, 9 өлкөдөн келген 700дөн ашуун катышуучуну топтогон.
Андан кийин Казакстандын Алматы шаарында 12 өлкөдөн келген 3000ден ашуун катышуучунун жана 95 спикердин жетекчилигинде өткөн.