Акыйкатчы Институту кыргыз тили боюнча көчүрүү сынагынын жүрүшүнө мониторинг жүргүздү

05/06/2025 - 15:48

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институту билим берүү мекемелеринде кыргыз тили боюнча класстан класска көчүрүү сынагында окуучулардын укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө максатында мониторинг өткөрдү. 

Институттун кызматкерлери 27-30-май күндөрү 5-6-класстардын окуучулары мамлекеттик тил боюнча милдеттүү түрдө тапшырган экзамендин уюштурулушун жана өткөрүлүшүн көзөмөлдөштү.

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери сынак өтүп жаткан жердеги имараттын ичин, жарыктандыруу, шарттардын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу, процедуралардын ачык-айкындуулугу жана калыстыгы, бардык окуучулар үчүн бирдей шарттардын камсыздалышы (тил, улут, социалдык же башка кандайдыр бир белгилери боюнча дискриминацияга жол бербөө), ошондой эле медициналык пункттун бар же жок экендигин текшеришти. 

Мониторингдин жыйынтыгында, көпчүлүк  мектептерде экзамендерди  өткөрүүдө канааттандырарлык шарттар түзүлгөнү белгилүү болду. 

Жалпысынан  белгиленген тартипке ылайык, олуттуу мыйзам бузуулар катталган жок. 

Мониторинг учурунда, окуучулардан жана алардын ата-энелеринен арыз-даттануулар түшкөн жок.

Мониторинг өлкө боюнча тандалма түрдө 49 билим берүү мекемесинде жүргүзүлдү: Бишкекте — 11, Ошто — 7, Баткен облусунда — 8, Нарында — 12, Жалал-Абад облусунда — 4, Талас облусунда — 3 жана Ысык-Көлдө — 4 мектепте.

Белгилей кетсек, башында өлкө боюнча 53 мектепти камтуу пландалган. Бирок Бишкек шаарындагы төрт мектепте (№17, №25, №24 жана №72) кызматкерлерге мониторинг жүргүзүүгө уруксат берилген жок. 
Алар мындай чектөөнү Агартуу министрлигинин оозеки көрсөтмөсүнө таянып түшүндүрүшкөн. 

Бул боюнча тиешелүү актылар түзүлдү, бирок мектептин өкүлдөрү аларга кол коюудан баш тартышты.

Эске салсак, КРнын  Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө Мыйзамынын 8, 12 жана 13-беренелерине ылайык, Омбудсмен адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышын текшерүү максатында бардык мекемелерге менчигинин формасына карабастан тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуу. 

Ошондой эле, мамлекеттик органдар жана бардык уюмдар Акыйкатчынын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга артыкчылыктуу тартипте жардам берүүгө милдеттүү. 

Эгерде, кандайдыр бир орган же анын кызматкерлери Акыйкатчынын ишине тоскоолдук жаратса, бул атайын баяндамада, ошондой эле жылдык отчеттун тиешелүү бөлүмүндө көрсөтүлүшү мүмкүн.

Мындан тышкары, Акыйкатчы Башкы прокуратурага тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.