Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин 10 жыл психиатриялык ооруканада дарыланбай жаткан бейтап дарылоо бөлүмүнө которулду
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаеванын кийлигишүүсүнөн кийин 10 жылдан ашык психиатриялык оорукананын соттук-экспертиза бөлүмүндө жаткан жаран дарыланууга которулду.
Акыйкатчыга Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылында жайгашкан Республикалык психиатриялык оорукананын башкы дарыгери Н.Тешебаева кайрылган.
Ал аталган ооруканын соттук-экспертиза бөлүмүндө 1973-жылы Базар-Коргон районунун Чкалов айылында туулган Ж.А. аттуу жаран 2014-жылдан бери эч кандай дарылоодон өтпөй кармалып турганын айтып, бейтаптын укугун камсыздап берүүнү өтүнгөн.
Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери аты аталган жарандын ишин карап чыгып, ал ага каршы козголгон кылмыш иши боюнча соттун чечими жок болгондуктан, 10 жылдан ашуун психиатриялык мекеменин соттук-экспертиза бөлүмүндө кармалып турганын таксыкташкан.
Ж.Ага 2014-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) жана Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренелери (Эки же андан көп адамдын өмүрүнө кол салуу) менен эки иш козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучунун акыл-эси соо эмес деп табылгандыгына байланыштуу психиатриялык ооруканага жаткырылат.
Буга байланыштуу Базар-Коргон райондук соту 2014-жылдын 26-февралында 130-берене боюнча козголгон кылмыш ишин убактылуу токтотуп, экинчи ишти (28-97-беренелер) өндүрүштөн кыскарткан.
Биринчи иш убактылуу токтотулгандыгына байланыштуу кылмышка шектелген Ж.А.нын укуктук макамы так аныкталбай калып, аны оорукананын соттук-экспертиза бөлүмүнөн катуу кайтаруудагы даарылоо бөлүмүнө (№5 бөлүмү) которуу мүмкүн болбой келген.
Себеби, №5 бөлүмгө кылмыш иши кыскартылып, мажбурлап дарылоого жиберилген бейтаптар гана кабыл алынат.
Ал эми бейтап 10 жылдан ашуун кармалып турган №7 бөлүмгө тергөө же сот органдары тарабынан акыл-эсине соо эместигине шек саналгандар убактылуу жаткырылат.
Бул бөлүмдө психотроптук дармектер берилбейт жана толук кандуу дарылоо курсу дайындалбайт.
Жогорудагы жагдайлардын негизинде, Акыйкатчы Институту Башкы прокуратурага кылмыш ишинин кыскартылышынын мыйзамдуулугун текшерип, аны логикалык жыйынтыкка жеткирүү үчүн чараларды көрүүнү жана Ж.Анын укуктук макамын аныктоо жана аны дарылоо үчүн тиешелүү медициналык бөлүмгө которуу маселесин кароону сунуштаган.
Башкы прокуратуранын текшерүүсүнөн кийин, 2025-жылдын 11-апрелинен тарта Ж.А толук кандуу дарылоонууга жиберилди.
Оорукананын башкы дарыгеринин маалыматында, бейтап учурда №5 катуу кайтаруудагы бөлүмүндө дарыланууда.
Жамиля Жаманбаева психиатриялык ооруга чалдыккандар камкордукка жана жардамга муктаж жарандар экенин белгилеп, алардын укуктарынын сакталышына өзгөчө көңүл бөлүп келет