Акыйкатчы Институту мектептерде өтүп жаткан кыргыз тили боюнча көчүрүү сынагынын жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүдө

27/05/2025 - 16:34

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институту билим берүү мекемелеринде кыргыз тили боюнча класстан класска көчүрүү сынагында окуучулардын укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө максатында мониторинг өткөрүп жатат. 
27-30-май күндөрү институттун өкүлдөрү 5-6-класстын окуучулары үчүн мамлекеттик тил боюнча милдеттүү экзамендин уюштурулушу жана өткөрүлүшүнө байкоо жүргүзүшөт. 
Мониторинг өлкөнүн 53 мектебинде тандалма тартипте өтүүдө: Бишкек шаарында – 15 мектепте, Ошто – 7 мектепте, Баткен облусунда – 8, Нарында – 12, Жалал-Абад облусунда - 4 , Таласта – 3, Ысык-Көл облусунда – 4 мектепте. 

Институт экзамен учурунда ар бир бала үчүн бирдей шарттар түзүлүшү керектигин белгилейт. Класстар зарыл техникалар менен жабдылып, мектептер санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бериши абзел. 

Бишкек шаарындагы №72 мектепте мониторинг жүргүзүүгө уруксат берилбей, №70 мектепте фото жана видеого тартууга тыюу салынды. 

Аймактагы мектептерде институттун мониторингине түшүнүү менен мамиле кылышкан. 

Белгилүү болгондой, быйыл республиканын бардык жалпы билим берүү мекемелеринде менчигинин түрүнө жана окутуу тилине карабастан 5-6-класстын окуучулары биринчи жолу “Кыргыз тили” сабагы боюнча жазуу жана оозеки жүзүндө класстан класска көчүрүү экзаменин тапшырууда. 

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.