Акыйкатчы Институту региондордогу өкүлдөрүнүн потенциалын өнүктүрөт

23/05/2025 - 12:30

Кыргызстандын ар бир жараны жашаган жерине, же этносуна карабай укугун коргой алышы үчүн Акыйкатчы Институту региондордогу өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатып, ишин өнүктүрүүнү пландоодо. Бул тууралуу КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева ОБСЕнин Жогорку комиссары Кристоф Камп менен жолугушууда билдирди.

 

Акыйкатчы өз сөзүндө институттун ишмердүүлүгү гендердик теңдик, дискриминацияга жол бербөө жана ар бир адамдын кадыр-баркын урматтоо принциптерине негизделерин белгиледи. Бул принциптер этностук, тилдик же диний айырмачылыктарына карабастан бардык жарандарга карата бирдей колдонулат.

 

Ошону менен катары эле, Акыйкатчы Кыргызстандын аймагында жүргөн чет өлкөлүктөрдүн жана жарандыгы жок адамдардын кайрылууларын да институт карап, аларга укуктук жардам көрсөтөрүн баса белгиледи.

 

«2024-жылы бизге бир нече чет өлкөлүк жаран кайрылды, алардын ичинен төртөө башпаанек маселесинде бизден жардам сураган.

 

Мисал катары айта кетсем, биз Россиянын аскер кызматкерине жардам бере алдык. Ага Россия аскер бөлүгүн өз алдынча таштап кеткендиги үчүн издөө жарыялаган экен.  Биздин аракетибиз менен ал адам Кыргызстанда башпаанек алып, Башкы прокуратура аны Россия тарапка өткөрүп берүүдөн баш тартты. Азыркы учурда, ал адам Кыргызстандын жарандыгын алды.

 

Ошондой эле биз Эстониянын жараны болгон, бирок 30 жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстанда документсиз жашап келген адамга да жардам бере алдык», — деди Жамиля Жаманбаева.

 

Институт качкындардын маселесине жана кайрылмандардын укуктарынын сакталышына да көңүл бурат. Бул темалар Жогорку Кеңеште жана Министрлер кабинетинин алдында түзүлгөн Адам укуктары боюнча Координациялык кеңештин жыйындарында көтөрүлүп келет.

 

Институттун сунуштарынын басымдуу бөлүгү мамлекеттик органдар тарабынан аткарылган.

 

«Адам укуктары, улуттук азчылыктардын укуктары жана коомдогу туруктуулук маселелери бири-бири менен тыгыз байланышта. Улуттук азчылыктардын укуктарын урматтоо коомдогу чыңалууну азайтууга жардам берет», — деп белгиледи Кристоф Камп.

 

Жолугушууда «Теңдик укугун камсыз кылуу жана басмырлоодон коргоо жөнүндө»  мыйзам долбоору дагы талкууланды.

 

Жыйынтыгында Кристоф Камп Акыйкатчы Институтунун өкүлдөрүн гендер жана улуттук азчылыктар маселелери боюнча Гаага шаарында өтө турган конференцияга катышууга чакырды.