Акыйкатчы эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен Кыргызстандагы кыйноолордун алдын алуу системасын бекемдөө чараларын талкуулады
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Улуу Британиянын улуттук алдын алуу механизминин башчысы Сэм Глюкштейн жана БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Борбордук Азиядагы аймактык өкүлчүлүгүнүн төрагасынын орун басары Фабио Пиана жана улуттук консультанты Нуриана Картанбаева менен жолугушту.
Тараптар адам укуктарын, өзгөчө эркиндигинен ажыратуу же чектөө жайларында жарандардын укуктарын сактоо жана Кыргызстанда кыйноолорду алдын алуу системасын бекемдөө боюнча чараларды талкуулашты.
Акыйкатчынын маалыматында, 2024-жылдын 12 айында институт тарабынан Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, ИИМ жана УКМКнын жабык мекемелеринде 258 текшерүү жана мониторинг жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында тергөө абагында жана соттолгондордон 139 арыз (алардын 36сы кыйноолор боюнча) түшкөн. Ал эми 2025-жылдын 4 айында ал Жаза аткаруу кызматы, ИИМ жана УКМКнын жабык мекемелеринде 34 текшерүү жүргүзүп, кыйноо фактылары боюнча 20 арыз түшкөн.
Сэм Глюкштейн кыйноолорго жана ырайымсыз, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге каршы күрөшүү жаатындагы иш алдын алуу чараларды күчөтүүгө негизделиши керектигин белгиледи.
Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун дараметин баалап жатканын билдиришти.
Жамиля Жаманбаева Улуттук борбордун потенциалын баалоо боюнча делегациянын ишин колдоорун билдирди.
«Биз мындай иштерди чын жүрөктөн колдойбуз жана аны өз убагында деп эсептейбиз.Анткени сырттан эксперттик көз караш азыркы кырдаалга сергек баа берүүгө жана өнүгүү жолдорун аныктоого жардам берет. Бул ишке таанылган эл аралык эксперттер, ошондой эле улуттук алдын алуу механизмдерин баалоодо жана иштеп чыгууда чоң тажрыйбасы бар уюмдар тартылганы өзгөчө маанилүү», - дейт Акыйкатчы.
Акыйкатчы ошондой эле Омбудсмен институту да Азия-Тынч океан форуму (APF), ПРООН жана АДКБ тарабынан дараметин баалоону жүргүзүп жатканын кошумчалады.