Акыйкатчы Евробиримдиктин Борбордук Азиядагы атайын өкүлү менен жолукту

19/05/2025 - 14:57

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Эдуард Стипрайс менен жолугушту.

Акыйкатчы аны Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү болуп дайындалышы менен куттуктады.

Жамиля Жаманбаева Европа Биримдиги адам укуктарын жана жарандык коомду өнүктүрүүдө  Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү болуп саналарын белгиледи. 

"Биз ЕБ менен кызматташууга чоң маани беребиз жана биргелешкен демилгелердин, программалардын жана диалогдун алкагында кызматташууну күчөтүүгө кызыкдарбыз. Биздин алака мындан дагы натыйжалуу болуп, адам укугун коргоо жаатында көрүнүктүү жыйынтык алып келерине ишенем", - деди Акыйкатчы.

Жамиля Жаманбаева Акыйкатчы институтунун Европа Биримдиги менен ишке ашырылып жаткан долбоорлорду белгиледи. 

Жолугушууда адам укуктарын коргоо, сөз эркиндиги, бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту сактоо принциптери, жарандык коомду өнүктүрүү жана башка актуалдуу темалар талкууланды. 

"Бизде институт менен кызматташуунун туруктуу тармагы түзүлгөн. Ага мен да өз салымымды кошом деп үмүттөнөм. Эң көп натыйжа алып келе турган багыттарды биргеликте аныктайбыз", - деп белгиледи Эдуардс Стипрайс.