Акыйкатчы: Жаштар укуктук мамлекет курууга кызыкдар
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөн “Адам укуктарын алдыга жылдыруудагы жаштардын орду” аталышындагы конференцияга катышты.
Акыйкатчы өз сөзүндө азыркы муун коомдук турмуштун активдүү катышуучусу болууга умтулуп, адилеттүү, укуктук мамлекетти курууга кызыктар болуп жатканын белгиледи.
“Бүгүнкү жыйынга жаштардын катышып жатканы абдан жакшы. Акыйкатчы Институтунун негизги милдеттеринин бири – адам укуктарын алдыга жылдыруу жана аларды ишке ашыруу болуп саналат.
Институт жаштардын адам укугу жаатында маалымдуулугун жогорулатуу максатында ЖОЖдордо жана мектептерде 2500дөн ашуун студенттерге жана окуучуларга 49 көчмө лекцияларды уюштурду.
Иш-чаралар балдардын укуктары, гендердик теңчилик, пикир билдирүү эркиндиги жана инклюзивдик билим берүү темаларын камтыган. Муну мен сиздерге окшогон жаштардын эркин, укуктук мамлекетте сапаттуу билим алуусуна болгон аракет деп ойлойм.
Ошону менен катары эле, институт Жалпы республикалык тестирлөөнүн адилетүүлүгү жана билим берүүгө бирдей жеткиликтүүлүк принциптеринин сакталышын баалоо максатында, мониторинг жүргүзүшөт. Акыркы беш жылдын ичинде Институттун өкүлдөрү жыл сайын ЖРТнын жүрүшүнө байкоочу катары катышып келишет”, - деди Акыйкатчы.
Жыйын Жогорку Кеңештин депутаттары, жогорку окуу жайлардын мугалимдери, илимдин кандидаттары, доценттер жана студенттердин катышуусунда маек түрүндө өттү.
Акыйкатчы сөзүн жыйынтыктап жатып, жаштардын укуктук маданиятын жогорулатуу-демократиялуу коомду курууда чоң өбөлгө болорун билдирди.