Акыйкатчы Институту менен Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы кызматташууну улантат

28/04/2025 - 16:34

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институту менен Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы 2025-жылга карата кызматташуу меморандумуна кол коюшту. 

Иш чарага Акыйкатчы Институтунун, Юстиция министрлигинин жана БУУнун өнүктүрүү программасынын (ПРООН) өкүлдөрү катышты. 

Акыйкатчынын орун басары Жанибек Жоробаев институт менен  Юридикалык жардам кызматынын ортосундагы кызматташтык жемиштүү болуп, бир топ жыйынтыктарды берип жатканын белгиледи. 

“Институт  Юридикалык жардам кызматы менен бирге маалымат алмашуу, биргелешкен мониторинг иштерин уюштуруу жана калкка консультативдик-укуктук жардам көрсөтүү иштери ийгиликтүү жүргүзүп жатат. Акыйкатчы Институту биздин кызматташтыкты жаңы, сапаттуу деңгээлге чыгаруу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшай тургандыгына бекем ишенем”, - деди ал. 

Эки мамлекеттик мекеме меморандумдун алкагында 2025-жылы майыптыгы бар адамдардын укуктарынын жабык мекемелерде сакталышына мониторинг жүргүзмөкчү.

Андан тышкары, укуктук инклюзия боюнча иш-чараларга жана адам укуктары жаатындагы акцияларды ишке ашырып,  майыптыгы бар адам менен иш алып барган уюмдар жана бейөкмөт уюмдардын катышуусунда координациялык жолугушууларды өткөрүү пландалган. 

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү жаатында дагы иш алып барылат.