Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери УКМКнын тергөө абагына мониторинг жүргүзүштү

24/04/2025 - 17:43

КРнын Акыйкатчы Институту (Омбудсмени) УКМКнын тергөө абагында кармалган жарандардын укуктарынын сакталышына  мониторинг жүргүздү. 

Институттун кызматкерлери тергөө абагындагыларды кармоо шарттарын текшерип, кармалган жарандар менен маектешти. Алар кармоо шарттарына жана кызматкерлердин аракеттерине нааразычылыктарын билдиришкен жок.

Мониторинг учурунда Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») боюнча айыпталып жаткан Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) менен дагы жолугушту.

Тилекмат Кудайберген уулу менен бирге камерада дагы эки эркек киши кармалууда. Ал дагы УКМКнын СИЗОсунда укуктары бузулгандыгына даттанууларды айткан жок.

Акыйкатчы Институту өз ыйгарым укуктарынын алкагында абактардагы жарандардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүүнү улантат.