Акыйкатчы Институту тергөө абагында камалгандардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүздү
Акыйкатчы Институту (Омбудсмени) Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 21-мекемесинин тергөө абагында камалгандардын укуктарынын сакталышын баалоо максатында мониторинг жүргүздү.
Институттун кызматкерлери СИЗО-1дин аялдар кармалган корпусуна барышты.
Айрым аялдар ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөрдү жана медициналык жардамдын жетишсиз болуп жатканына нааразы болушту.
Институттун кызматкерлери укук коргоочу Рита Рахман (Карасартова) менен да жолугушуп маектешти. Аны менен чогуу камерада дагы үч аял кармалып турат.
Ал кармоо шарттарына жана мекеме кызматкерлеринин аракеттерине даттанган жок.
Бирок, мурдагы камактагы мезгилинде саламаттыгына зыян келгени жөнүндө айтып, жакында эле операция болгонун жана учурда медициналык кароого муктаж экенин билдирди.
Мониторингдин жыйынтыгында №21 мекеменин медициналык пунктуна абактагыларга тийиштүү медициналык жардам көрсөтүү боюнча сунуштар берилди.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчилигин СИЗО-1де зарыл болгон медициналык жардамдарды көрсөтүүгө шарт түзүүгө жана абакта жаткан адамдардын саламаттыкты сактоо укуктарын камсыздоого чакырды.
Ал белгилегендей, “Кылмыш жасоого шек саналып же айыпталып кармалган адамдарды кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесине ылайык, тергөө абактарындагы дарылоо-профилактикалык жана санитардык-эпидемиологиялык иштер Кыргыз Республикасынын “Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” мыйзамына ылайык жүргүзүлүшү керек.