Акыйкатчы тергөө абагында камалгандардын укуктарынын сакталышын камсыздоого чакырды
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында болуп жаткан абал тууралуу маалымат түшөр замат институттун кызматкерлерине бардык жагдайларды аныктап, абактагылардын укуктарын коргоону камсыз кылууну тапшырды.
Институттун кызматкерлери 20-21-декабрда №1 тергөө абагына барышып, мониторинг жүргүзүп келишти.
Белгилей кетсек, 20-декабрда институттун кызматкерлери билдирүүсү социалдык тармакка жарыяланган абактагы жаран менен маектешкен. Ошону менен катары эле, институттун кызматкерлери анын денесине кароо жүргүзгөндө эч кандай зордук-зомбулуктун белгилери аныкталган эмес. Бетиндеги көгала такты ал эшикке сейилдөө учурунда, тайгаланып кетип, урунуп алганын билдирген.
Бирок, 21-декабрда күч органдары ага карата физикалык күч колдонгонун атйып, өз укугун коргоп берүүнү суранды.
Акыйкатчы институтунун кызматкерплери тиешелүү мамлекеттик органдарга бул ишти тыкыр иликтөөгө жана кармалып тургандардын укуктарынын сакталышын камсыздоого чакырган кайрылуу жолдойт.
Ошону менен катары эле, институттун кызматкерлери тергөө абагындагы башка жарандар менен да баарлашты. Алардын арасында Темирлан Султанбековдун да даттануусун угушту. Ал жактоочулары менен жолуктурбай жатканын айтты.
Андан сырткары, институттун кызматкерлери Султанбеков менен бир камерада отурган башка кармалгандардын да денелерине кароо жүргүзүштү.
Алардын денелеринен көрүнүктүү зордук-зомбулуктун белгилери байкалган эмес.
Тергөө абагынын кызматкерлери бир күн мурда камераларга тыюу салынган предметтерди киргизбөөнүн алдын алуу максатында тинтүү болгонун кабарлашты.
Акыйкатчы кармалгандардын даттанууларын жеке көзөмөлүнө алды.