Акыйкатчы мамлекеттик органдарды Зардалы айылынын жашоочуларынын көйгөйлөрүнө көңүл бурууга чакырды
КРнын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды Баткен облусундагы алыскы Зардалы айылындагы мектеп окуучуларынын билимге болгон укугун камсыздоого жана тургундардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө чакырды.
Жамиля Жаманбаеванын тапшырмасы менен Акыйкатчы Институтунун Баткен облусундагы өкүлү Зардалы айылынын жашоочуларынын укуктарынын сакталышы боюнча абал менен жеринен таанышып келди.
Тургундар жашоо-шарты катаал болсо да, жаратылышы кооз, абасы таза, ар бир сайдан агып түшкөн шыңгыр үндүү суулары бар айылын таштагылары келишпейт.
Тургундардын көпчүлүгү орто жаштагы жарандар. Жаштар окуп, билим алууга кетип, катаал шарттардан улам, айылга кайтып келгилери келбейт.
1997-жылдан бери иштеп келе жаткан башталгыч мектепте жалпысынан 7 гана бала билим алып, 2 мугалим эмгектенүүдө.
Айыл тургандары үчүн оорукананы мындай коюп, медициналык түйүн, электр жарыгы да жок жашап келишет.
Айылды облус менен байланыштырган жалгыз шагыл жол 6 ай гана ачык болуп, кышкысын жабылып калып, сырткы дүйнө менен байланыш үзүлөт.
Кыш мезгилинде тургундар аска боюндагы жалгыз таман жол менен жөө-жалаңдап катташат.
“Айла жок, жашоо үчүн, катаал жол менен жөө жүрүүгө аргасыз болобуз. Бул каттам менен жүрүү өтө кооптуу. Айрым учурларда, жергиликтүү тургундардын өлүмү менен коштолгон кырсыктар да кездешет”, - деди Зардалы айылынын жашоочусу Тойчу Кайымбеков.
Айыл тургундарынын көйгөйлөрүн санап отурсаң четтен чыгат.
Зардалыда мугалимдер, мектеп окуучуларына окуу китептери жетишсиз. Ар бир предмет боюнча бирден гана үлгүдөгү китептер бар.
Балдарды ысык тамак менен камсыздоо да толук кандуу уюштурулган эмес.
Окуучулар үчүн бир айга 1 баштык (коробка) печенье жана вафли гана берилет.
Ал эми, Зардалы айылындагы мектеп бир канча убактан бери директору жок иштеп жатат.
Ошондуктан, Зардалы эли Билим берүү жана илим министрлигине аталган айылга директорду сынагы жок эле түз дайындап берүү маселесин карап көрүүнү сунуштоодо.
Буга чейин, 2022-жылы “Кыргыз интернет” фонду мектепке WiFi роутерин орнотуп, бирок ушул жылдын май айынан тартып, жабдыктары иштен чыгып калган.
Айылда уюлдук байланыш да жок болгондуктан, тургундар мектептеги WiFi аркылуу интернеттен өлкө жаңылыктарынан кабардар болуп турушкан.
Кадр маселесиндеги көйгөй фельдшердик акушердик пунктунда (ФАП) дагы бар. Дарыгердин жоктугунан зардалылыктардын жалгыз медициналык түйүнү да жабык турат.
Жергиликтүү тургундар дарыгердин жардамына муктаж болгон учурда чек ара заставасындагы фельдшердик пунктка кайрылышат.
“Тиешелүү мамлекеттик органдар алыскы Зардалы айылынын жашоочуларынын медициналык жардам жана балдардын толук кандуу билим алуу укугун камсыздашы керек. Катаал шарттарда жашаган элдин социалдык көйгөйлөрүн тезинен чечүүгө чакырам ”, - деди Акыйкатчы.
Акыйкатчынын Баткен облусундагы өкүлү мектеп окуучуларына окуу куралдарынан турган белектерди тапшырды.
Иш сапардын жыйынтыгы менен бир нече мамлекеттик органдарга Зардалы айылынын тургундарынын укуктарынын сакталышы тууралуу кат жөнөтүлдү.