Жамиля Жаманбаева: Эмгек мигранттарынын укуктары бузулган учурлар көп кездешет

20/06/2024 - 10:31

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева КМШ өлкөлөрүнүн акыйкатчыларына  мигранттардын укуктарын коргоону камсыз кылуу максатында  өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. 

Бул тууралуу Жаманбаева КМШнын адам укуктары боюнча комиссиясынын видеоконференция аркылуу өткөн жыйынында билдирди.

Омбудсмендер, ошондой эле, КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү мигранттардын укуктарын коргоо маселелерин талкуулашты.

Алсак, Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын Акыйкатчы институттары, ошондой эле Беларусиянын тиешелүү мамлекеттик органдары ар бири өз өлкөсүндөгү миграциялык мыйзамдарга талдоо жүргүзүштү.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту тарабынан мигранттардын укуктары тууралуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына талдоо жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту Россиянын, Казакстандын Акыйкатчы институттары жана Беларусиянын мамлекеттик органдары тарабынан берилген аналитикалык материалдардын маалыматтарын чогултуп, талкуулашты.

Аналитикалык материалдарды чогултуунун жана анализдөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту КМШ өлкөлөрүнүн Акыйкатчы институттарына мигранттардын укуктары жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдаган.

«Мигранттардын укуктары бузулган учурлар көп кездешет. Бул оор эмгек шарттарда иштеген гана эмес, мигранттар кодулоого кабылышат. Мына ушундан улам КМШ өлкөлөрүнүн мигранттардын укуктары жаатындагы ченемдик укуктук актыларын изилдөөнү сунуштоого түрткү болду. Эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгү көбүнчө аярлуу абалга туш болгондон кийин, миграциялык мыйзамдардын катаалдыгынан улам аларга өлкөгө кирүүгө тыюу салынып калган учурлар да бар», — деп айтты Жамиля Жаманбаева.

Кыргызстандын Акыйкатчысы жалпы кабыл алынган принциптерге жана эл аралык укукка ылайык мигранттардын укуктук статусун өзгөртүү боюнча алдыңкы тажрыйбаны кабыл алууну сунуштайт.

27-июнда Санкт-Петербургда (Орусияда) адам укуктары тууралуу бардык сунуштарды карай турган КМШнын адам укуктары боюнча комиссиясынын жыйыны болот.