Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов өз милдеттерин аткарууга киришти

28/09/2018 - 14:49

Парламент тарабынан шайланган Кыргызстандын Акыйкатчысы  Токон Мамытов кечээ, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында ант берди. Ал Акыйкатчы катары адам укугунун корголушун камсыз кылууга, Конституцияны жана мыйзамдарды сактоого, адилеттүүлүктү жана абийирди туу тутууга сөз берди.

Андан соң  Акыйкатчыны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Бакиров Мирлан Исакбекович келип, Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерине тааныштырды.

Вице-спикер Мирлан Бакиров  Адам укуктарын коргоодо Акыйкатчы институту Жогорку Кеңеш менен тыгыз иштешет деген  ишенимин билдирип, жаңы жетекчинин ишине ийгилик каалады.

”Сиздерге кайрылган карапайым элдин кайрылууларын калыс, реалдуу карап берсеңиздер эле коомчулук сиздерге ыраазы болот. Андыктан адам укугун коргоодо аппараттын ишин алдыга жылдырууда жаңы жетекчи ар тараптан аракет кылып, ал эми аны коллектив кош-колдоп берет деп ишенем” деди Мирлан Бакиров.

Акыйкатчы Токон Мамытов Акыйкатчы аппаратынын коллективине тааныштырганы үчүн Мирлан Исакбековичке ыраазычылыгын билдирип, өз сөзүндө Жогорку Кеңеште Акыйкатчыны шайлоодо талаш-тартыштар, сын-пикирлер, сунуштар, багыттар көп болгонун, алардын ар бирин эске алып, иш жүзүнө ашыруу биринчи максат экенин айтты. Ошондой эле башка талапкерлер тарабынан айтылган айрым ой-сунуштар жүйөөлүү экенин белгилеп, ал сунуш-пикирлерди да четке какпай ишке камтып, биргеликте ынтымактуу иштейбиз деген оюн билдирди.

Жалпы таанышуудан соң ич-ара маектешүү уланды.

Маалымат үчүн айта кетсек:  Токон Мамытовду Акыйкатчылык кызматка КСДП фракциясы көрсөткөн. Анын талапкерлиги үчүн 79 депутат добуш берген.