Акыйкатчы Европа Биримдиги тарабынан каржыланган “Кыргыз Республикасынында укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөк көргөзүү” долбоорунун экинчи фазасынын ишке ашуусун талкуулоо боюнча Болот Исаков менен жолукту

02/10/2018 - 14:34

Бүгүн, 2-октябрь күнү Кыргыз Республикасынан Акыйкатчысы Токон Мамытов Адам укуктары боюнча Дания институтунун (ДИПЧ) өкүлү Болот Исаков менен жолукту.

Жолугушууда Европа Биримдигинин каржылоосу менен ишке ашкан “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөк көргөзүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында бирдиктүү иштердин келечеги жана багыттары айтылды. Мындан тышкары, адам укуктарына тиешелүү маселелер жана Акыйкатчы институнун дараметин жогорулатууга багытталган сунуш-пикирлер ортого салынды. 2018-2019-ж.ж. Акыйкатчы аппараты жана Европа Биримдигинин ортосунда аткарылган иштер өтөсүнө чыгарына эки тарап тең кызыктар экени баса белгиленди. Айта кетсек, Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда биринчи долбоорго 2014-жылы кол коюлган. Башкы максат-укук тармагын өнүктүрүү, анын ичинен Акыйкатчы аппаратынын ишин жакшыртуу болуп саналат.