Акыйткатчы “Аман банкка” аманат акчабызды алдаттык деп келишкен жарандарды кабыл алды
Бүгүн 3-октябрда Акыйкатчы Токон Мамытов Өзгөн районунун Куршаб айылынын келген жашоочуларын кабыл алды.
Кабыл алууга келген жарандар (жалпысынан 45 адам) “Аман Банктын” филиал бөлүмүнө 2011-жылдан 2018-жылдын сентябрь айына чейин аманаттыкка акча салып, бирок банктан өздөрүнө алуу убактысы келгенде ала албай калышкан.
Акча ала албай жүргөндөрдүн бири Турдубаев Жамшиттин айтымында, алар акчаны банктын мыйзамдарына ылайык бардык шарттардын негизинде салышкан. “Аман Банктын” жетекчиси Абдыкадыров Жеңишбек Абылкасымович эки тараптуу келишимди тузүп, банк китепчелерди ачып, (сберкнижка) акчаны банктын эсебине өткөрүп жүргөн. Келишимдин убактысы аяктаганда аманат акчаларды алганы барышканда банкта аларга эч кандай эсеп ачылбаганы белгилүү болгон. Мурдагы жетекчи Ж. Абдыкадыровдун ордуна башка жетекчи дайындалганын да угушкан.
Дагы бир акчасын алдатып жибергендердин дагы бири Исакова Салима “Өзгөн шаарындагы “Аман Банктын” башкы кеңсеси кайрылуубузга көңүл кош мамиле жасап коюшту. Ал жерде да эч кандай бизге таандык эсеп ачылган эместигин айтышып, акчабызды Абдыкадыров Жеңишбектен өндүрүп алгыла деп жооп беришти. Жабыр тарткан 45 жаран балдарыбыздын Россиядан, Казакстандан иштеп чогулткан акчаларын банкка ишенип салып жүрчү экенбиз. “Аман Банкта” Абдыкадыров Ж. А. 10 жыл 6 айдан бери иштеп келген. 10-жылдан бери банкта ишке болгон шалаакылыгына эч ким көзөмөл жүргүзгөн эмеспи? Абдыкадыров өзү “Аман Банктын” жетекчилеринин артын жабам деп элдин банкка салган акчаларын иштетип жибергенин айтты. Ал эми банктын борбордогу кеңсесине келгенибизде жетекчиси Ш. Садыбакасова кабыл албай койду” деп нааразы болду.
Бул иш боюнча Акыйкатчы Токон Мамытов тарабынан мыйзам боюнча кандай кылуу керектиги айтылган кеңештер берилип, ал тараптан да көзөмөл болоору билдирилди.