Абактагы баланын энесин табууга «115 Тез Байланыш» кызматынын адистери жардам беришти
01/12/2018 - 13:41
Жабык мекемедеги ар бир адам өзүнүн үнүн жеткирүүгө мүмкүнчүлүгү жана укугу бар. Эгер ал болгону өспүрүм бала болсо, ал абактын бийик каардуу дубалдарынан кантип үнүн жеткире алат?
Эркин (аты өзгөртүрүлгөн) 115 тез байланыш кызматына апасы менен байланыш үзүлгөндүгү тууралу кабар берген. Бир канча айдан бери апасы байланышка чыккан эмес жана телефону өчүк болгон. Баланын үнү калтырап, апасы бул дүйнө менен болгон жалгыз байланыш экендигин билдирген. Эгер апасы жок болсо, оңолууга умтулуунун мааниси дагы жок болот экендигин айткан.
Ошол эле күнү бул кабар Акыйкатчыга жеткирилип, ыкчам түрдө Айыл өкмөтүнө жана милицияга кабар берилген.
Жыйынтыгында Эркин апасы менен байланышты жана энесине баласы тууралуу баардык маалыматтар берилди.