КР Акыйкатчы Аппаратынын кызматкерлери ЕККУнун программалык офисинин 3-отурумуна катышышты
2019-жылдын 5-мартында, КР Акыйкатчы аппаратынын укук коргоо органдары тарабынан жана эркиндиги чектелген адамдардын укуктарынын сакталышы боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин Адамдык чен-өлчөм маселелери боюнча консультативдик механизмдин 2019-жылдагы3-жолугушуусуна катышышты.
Жыйынга ошондой эле КР Президенттик Аппаратынын өкүлдөрү, КР Жогорку Кеңешинин жана Өкмөт аппаратынын, Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин, Тышкы иштер министрлигинин, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, КРӨ караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Кыйноолорго каршы улуттук борбордун, Жогорку соттун, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, Мамлекеттик кадр кызматынын, Мамлекеттик миграция кызматынын, КРӨ караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү катышышты.
Кеңешмеде 2018-жылдагы долбоорлордун жүзөгө ашышы, 2019-жылга долбоордук ишмердикти пландаштыруу жана мамлекеттик органдар менен макулдашуу, ошондой эле 2020-жылга долбоордук ишмердиктин божомолу маселелери талкууланды.
Андан сырткары, төмөнкү долбоорлор сунушталды:
1. Экономикалык, социалдык жана маданий укуктарды илгерилетүүгө көмөк көрсөтүү.
2.Кыргыз Республикасында демократиялык институттарды жана шайлоо тутумун чыңдоого көмөк көрсөтүү.
3.Адам сатуунуболтурбоо жана адам сатуу менен күрөшүү.
4. Түрмөлөрдөгү радикалдашууну болтурбоо жана пенитенциардык реформаны ишке ашырууга көмөктөшүү.
5. Укук үстөмдүгү жана сот адиеттигин жүргүзүү.