Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) Урал федералдык аймагы боюнча коомдук башталыштагы ыйгарым укуктуу өкүлү эмгек талашын чечти

13/03/2019 - 12:15

Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарында  "Монетка" логистикалык борборунда, Кыргызстандык 400 эмгек мигранттары эмгектенишет. Алардын кайрылуусунун негизинде 7-8-март күндөрү Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) Урал федералдык аймагы боюнча коомдук башталыштагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж. Белеков жана  "Кыргызстан Биримдиги" диаспарасынын жетекчисинин орун басары З. Арстанбеков  аталган логистикалык борбордун  жетекчиси К. Лопандин менен жолугушту.  Кайрылуунун себеби, биздин жердештердин  администрацияга, иш ордуна, иштеп жаткан иштери жана эмгек акылары боюнча түзүлгөн кырдаалга нааразычылыктарынын негизи болду. Эмгек мигранттарынын талаптары эмгек маянасынын өлчөмүн көтөрүү,   эмгек мамилелерин жөнгө салуу болду. 

 Акыйкатчынын өкүлдөрү менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы жүргүзүлгөн жолугушуулардын, макулдашуулардын негизинде Логистикалык борбордун жетекчиси  К.Лопандин  жана администрация жетекчилери эмгек мигранттардын талаптарынын 87% пайызын орундатууга макулдугун беришти, калган талаптарды иштин жүрүшүндө чечүүгө макулдашылды.  

11-март күнү айлык маяна боюнча коэффицент пайызын көтөрүү боюнча буйрукка кол коюлуп, бул  маалымат биздин жердештерибизге жеткирилди 

Эң негизгиси, 7-март күнү биздин 30 жаранды жумуштан бошотуу боюнча жазган арыздарын кайтадан артка кайтаруу болуп, алар кайрадан жумуш орундарында калтырылышты, - бул       тууралуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) коомдук башталыштагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жыргалбек Белеков Екатеринбург шаарынан маалымдады.