Коомчулукту кыжырданткан марштын өзү эмес, иш чараны уюштуруучулардын коомчулукту жаңылыштыкка түрткөнү болду

15/03/2019 - 12:10

8-март-Эл аралык аялдар күнүнө карата уюштуруучулар тарабынан ар кайсы органдарга жана айрым активисттерге чакыруулар берилгени маалым. Чакыруунун текстинен үзүндү келтирсек: “Сизди анын максаты зомбулук жана гендердик белгиси боюнча кодулоо маселесине постерлер жана транспаранттар аркылуу  коомчулуктун көңүлүн  буруу болгон тынч маршка чакырабыз. Марштын урааны “8/365”. Биз аялдар укуктары үчүн тилектештигибизди жана  жылдын 365 күнүндө күн сайын, 8-марттагыдай  ар түрдүүлүк үчүн күрөш жарыялайбыз” деп жазылган.

КР Акыйкатчысынын өкүлдөрү 8-марттагы бул маршка мониторинг жүргүзүшкөн. Аялдар укуктарын колдоо үчүн көпчүлүк келишкен. Коомдук тартип, укук коргоо органдары тарабынан камсыздалган. Ал эми алардын арасында сексуалдык азчылыктын өкүлдөрүн пропагандалаган плакаттардын болгону кийин маалым болду. КР Акыйкатчысы Токон Мамытов,  бардык нерсени өз аты менен атоого чакырат, эгер чакырууда жана билдирмеде  иш чарада сексуалдык азчылык  укуктары тууралуу  сөз болоору айтылса, анда коомчулук өзү чечмек, мындай иш чарага келээр же келбешин. Ошондо коомчулукта мындай резонанс да, кыз-келиндер майрамында маанай чөктүрүү да болмок эмес.

КР Акыйкатчысы Токон Мамытов, “Кырк чоро” өкүлдөрү менен да жолугушкан. Коомчулукту кыжырданткан марштын өзү эмес,  уюштуруучулардын коомчулукту жаңылыштыкка түрткөнү болду.