КР Акыйкатчысы АКШнын мамдепартаментинин өкүлдөрү менен жолугушту
18/03/2019 - 12:03
2019-жылдын 15-мартында Акыйкатчы Токон Мамытов АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Мадлайн Уэллс жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин саясий маселелер боюнча бөлүмүнүн экинчи катчысы Колин Крэм менен жолугушту.
Тараптар Акыйкатчы Институтунун Кыргызстанда адам укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү ишмердигин багыттары жана мазмуну тууралуу талкуулашты жана бул маселелер боюнча пикир алмашышты.
Мындан тышкары, айым Акыйкатчыга АКШ Мамдепартаментинин 2018-жылы Кыргыз Республикасындагы адам укуктары чөйрөсүндөгү абал тууралуу ар жылдык баяндамасын тапшырды.