КР Акыйкатчысы Токон Мамытов: Бир-эки адамдын жосунсуз жоругунан, тынч оокатын жасап жаткан мигранттарыбыз жабыркабашы керек. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Якут элине кайрылуусунан

20/03/2019 - 12:01

Урматтуу Саха (Якутия) республикасынын тургундары, Россия Федерациясынын жарандары, сиздерге кайрылып, 17 март күнү Якутск тургунуна карата Кыргызстандык бир нече жаштары (эмгек мигранттары) тарабынан зордук, зомбулук көрсөтүлгөнү, укукка жана адеп-ахлакка жат жосунсуз жоруктарына карата адилеттүү нааразылык билдирип жатканыңыздар боюнча кайрылуудамын.

Сиздердин элдин өкүлү, кимдир бирөөнүн кызы, карындашы же сүйүктүүсү  болгон аялзатынын намысына шек келтирген зөөкүрлөрдү жазалоо ниетиңиздерди эң туура түшүнөм.

Укук коргоочу катары, митинг элдин эркин билдирүү жана элдин пикирин билдирүүнүн түрү экенин билем. Ошол эле учурда, элдин көп кылымдык даанышмандыгын, адилеттүүлүктүн, кең пейилдиктин жана меймандостуктун  чегин сактоого чакырам. Мыйзам чегинен жана акыл-эс чегинен чыкпоого чакырам. Кылмышка кылмыштык жол менен жооп бербөө керек, кыргыз элин бир-эки зөөкүрдүн аракети менен баалабоо керек. Биз баарыбыз адамбыз, ар бир элдин жакшылары да жамандары да бар. Ар бир мамлекетте Мыйзам бар, аны бузуу үчүн жоопкерчилик  да каралган.  

Биз кыргызстандыктар, мекендештерибиздин укукка жат аракеттерин жектейбиз, алардын, алардын жосунсуз жоруктары үчүн уялып турабыз, алардын биздин жерден өсүп чыкканы үчүн  кечирим сурайбыз. Мыйзамга жат аракеттерге барган бир-эки адамдын айынан тынч оокатын жасап, ак ниет эмгеги менен күн көрүп жаткан башка мекендештерибизге карата терс мамиленин болушун каалабайбыз.

Күнөлүүлөрдүн жоопкерчилигин укук коргоо органдары иликтеп, жоопкерчилигин сот органдары гана чектесин. Ошол кылмышты жасагандар жана кылмышка катышы барлар тиешелүү жазасын алсын. Ал жазаны Россия Федерациясынын Баш мыйзамында каралган ыйгарым укукка ээ органдар гана белгилесин. Кылмышкерлерди жазалоо аракетин  көрүп, өзүңүздөр өч алабыз, соттойбуз деп, мыйзам чегинен чыгып кетпөөңүздөрдү суранам.

Саха Республикасынын бардык жарандарына ден соолук, бакубатчылык, бейпилчилик каалайм.

 

Чын пейилимден жана терең урматтоом  менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов