Токтокан Абдрахманова КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынын персоналды башкаруу, уюштуруу иштери жана кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Абдрахманова Токтокан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды. Ага Ардак грамотаны Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри, Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин төрагасы Ж.Разаков Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйынында тапшырган.
Токтокан Абдрахманова Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин 2003-жылы аяктагандан бери, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратында жарандык жана экономикалык укуктар департаментинин жетектөөчү адиси болуп баштаган. 2004-2018-жылдары Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратында бир топ жооптуу кызматтарда эмгектенип келген. 2004-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп, 2008-2017-жж. жарандарды кабыл алуу жана каттар бөлүмүндө эксперт, кийин аялдардын укуктарын жана гендердик кодулоодан коргоо бөлүмүндө, ошондой эле укук коргоо органдары тарабынан эркиндиги чектелген жана ажыратылган жайларда адамдардын укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүндө инспектор кызматында эмгектенип келген.
Токтокан Абдрахманова Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратында эмгектенүү менен “Аялдардын репродуктивдүү укуктарын сактоо”, “Кыргыз Республикасында аялдардын жана балдардын эмгек уктарын сактоо: мониторингдин натыйжалары”, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №2 түзөтүү абагында ден-соолукту коргоого укуктун сакталышы”, “Кыйноолордун жана катаал мамиленин курмандыктарына карата соттук экспертизаларды жүргүзүү учурунда Стамбул протоколунун принциптерин колдонуунун натыйжалуулугу” жөнүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) атайын баяндамаларын даярдоодо, ал көйгөйлөрдү изилдеп чыгууда өз салымын кошкон. Мындан сырткары арыз-даттануулардын каралышында адамдардын жана жарандардын укугу менен эркиндигин коргоодо жакшы натыйжаларга жетишкен. Мамлекеттик кызматтагы жалпы стажы 15 жылдан ашуун. Анын талыкпаган эмгеги татыктуу бааланып, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ардак грамоталары жана “Акыйкат” төш белгиси менен сыйланган.
Токтокан Абдрахманованын талапкерлиги эмгек жамаатынын жалпы жыйынында колдоого ээ болуп, “Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 70 жылдык мааракесине карата” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасына сунушталган эле.