Акыйкатчынын Баткен өкүлчүлүгү Лейлек районунда иш сапарында болушту

09/04/2019 - 16:04

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Баткен  областы боюнча өкүлчүлүгү  2019-жылдын  3-5-апрель күндөрү Лейлек районунда кызматтык иш сапарда болду.2019-жылдын 3-апрелинде Лейлек РИИБ УКЖда кармалып отургандардын мыйзамдуулугун текшеришти.

Текшерүү учурунда 4 адам камакта кармалып турган. Алар менен сүйлөшкөн учурда эч кандай арыз-даттанууларын билдиришкен жок.

Өкүлчүлүк Республикалык жоокерлердин энелер комитетинин төрайымы У. Байгубатова менен  биргеликте  Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын Исфана шаарындагы 2021 аскер бөлүгүндө, «Ай-Кол» тоолуу чек ара тозотунда (заставасында) жана 4-апрель күнү Лейлек районунун  «Кулунду» чек ара тозотунда   кызмат өтөп жаткан жоокерлер жана аскер кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга аскер кызматынан пенсияга чыккан Лейлек районунун тургундары да келип катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аскер бөлүктөрүнүн мурдагы жана азыркы учурдагы шарттары,  абалы  жана аскердик милдеттер жөнүндө У. Байгубатова тарабынан маалыматтар берилип, жоокерлер, аскер кызматкерлери энелердин ыраазычылык грамоталары  менен сыйланышты.        Ошондой эле, жолугушууга келишкен  аскер кызматынын пенсионерлери да сөзгө  чыгышып,  өздөрүнүн  аскер кызматын өтөгөн күндөрүн эске салышып, аскердик кызмат жана милдеттер жөнүндө айтып беришти.

Ал эми Акыйкатчынын өкүлчүлүгү тарабынан жоокерлерге адам укуктары жана эркиндиктери, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту жөнүндө маалыматтар берилип, суроолорго жооп берилди.

Андан сырткары, өкүлчүлүк  иш сапардын алкагында Лейлек районунун Бешкент айыл аймагынын тургуну Э. М.  арызы боюнча  4-апрель күнү Лейлек районунун Бешкент айылына барып,  Бешкен айыл өкмөтүнүн башчысы  Мусаев Кубатбек Ибрагимович менен жолугуп жана Лейлек РИИБнун  Бешкент айылындагы №22 таяныч пунктунан Э.М. жашаган дарегин  тактап, аны менен Бешкент айыл өкмөтүндө  жолугушкан.  Э.М арызында көрсөткөн жагдай  боюнча оозеки  маалымат берди.

Бешкент айылындагы З.М.Бабур атындагы орто мектептин директору  С. Камалов менен жолугушуп, мектептин имаратынын эскилиги жетип  пайдаланууга жараксыз абалга келип  калганын көрүштү. Эки кабаттуу жаңы мектептин курулушу пландаштырылган,  бирок мектепти куруу иштери баштала элек.  Тектептин имаратына кароо жүргүзүлгөндө эскилиги жетип,  дубалдары урай баштаганы көрүнүп турат.

2019-жылдын 5-апрели куну Республикалык жоокерлердин энелер комитетинин торайымы У. Байгубатова  менен  биргеликте Исфана шаарынын мэри А.Хамраев, вице-мэр З.Камалов жана аппарат жетекчиси М. Халов менен жолугушуп, андан кийин вице-мер З.Камаловдун катышуусунда Исфана шаарынын 14 айыл башчылары менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Акыйкатчынын өкүлчүлүгү тарабынан адам укуктары жана эркиндиктери жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту жөнүндө кеңири маалыматтар берилип, катышуучулар тарабынан суроо-жооптор болду.

Андан сырткары, Сирия, Ирак жана Афганистан мамлекеттерине куралдуу конфликттерге катышууга азгырылуунун алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча да айтылды. Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Б. Бекмуратов менен жолугушуп, адам укуктарынын сакталыш маселелери талкууланды.