Акыйкатчынын кабыл алуусундагы 86 жаштагы аксакал

22/04/2019 - 10:46

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын кабыл алуусуна ар кандай тагдырлар менен адамдар келишет. Акыйкатчы Токон Мамытов аларды балан күнү кел деп жолуна салбастан, кайсы  күн экенине карабай, колу бошой калганда эле кабыл алат.

19-апрель күкү Акыйкатчынын кабыл алуусуна келген бул аксакал 86 жашта. Өмүр бою эл чарбачылыгында эмгектенип, азыр пенсияда болсо да тыным албай өз укугум деп күрөшүп жүргөн кези экен. Анын айтымында,  өзүнүн жарандык иши боюнча (менчик маселелери) сот органдары тарабынан чыгарылган чечимдер менен макул болбой жүрүптүр. Жакеев Муке аксакалдын арызы талаптагыдай таризделип, кабыл алынды. Ал боюнча андан ары кароо иштери жүрмөкчү.

Ал ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин жеке кабыл алуусуна кирүүгө көмөк көрсөтүүнү суранып кайрылган.  Бул боюнча КР Акыйкатчысы Т.Мамытов Омбудсмен аппаратынын тийиштүү бөлүм кызматкерлерине тапшырмаларды берди.