Акыйкатчынын укуктук колдоосунда паспорт алды

30/04/2019 - 11:29

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын  Аппаратына Бишкек шаарынын Москва көчөсүнүн №49 үйүндө убактылуу жашап турган Э.Б. арыз менен кайрылган.

Э. Б. Баткен облусунун Кадамжай райондук паспорт бөлүмү тарабынан 1998-жылы алган паспортун (1994-жылдагы үлгүдөгү) жоготуп  алган. Кыргыз Республикасынын жараны  болуп туруп, ушул убакытка чейин паспорт ала албай жүргөнүнө нааразычылыгын билдирген.

Арыз ээсинин айтымында, паспорт  алыш үчүн, атайын бирөөнүн үйүнө каттоого туруш керек, бирок ал каттоого турарга жери жок,  анын туугандары да өзүнүн үйлөрүнө каттоого тургузууга каршы болушкан. Арыз ээси паспорт алууга көмөк көрсөтүүнү суранып, Акыйкатчыга кайрылган. Арызды кароо КР Акыйкатчы аппаратынын   социалдык-экономикалык жана маданий укуктарды коргоо бөлүмүнө тапшырылган.

Аталган маселени чечүү максатында   бөлүм тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматына жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук Администрациясына тийиштүү каттар жолдонгон.

Э. Б. арызын кароонун жыйынтыгында, ал жалпы жарандык паспортун алуу үчүн, ”Коломто” муниципалдык ишканасына каттоого тургузулган. Ошондон кийин Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын калкты тейлөө борборуна кайрылып, ал жактан жарандык паспорт алуу  боюнча маселеси оң чечилди. Паспортун 12 күндүн ичинде колуна алаарын арыз ээси билдирип, укуктук колдоо көрсөткөнү үчүн КР Акыйкатчы  (Омбудсмен) Институтуна ыраазычылык билдирген.

Ушундай жагдайга учураган жарандар үчүн  маалымат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабырындагы №886 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашаган жана барган жерине каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө”  жобого ылайык, (14 –пункт) туруктуу жашаган жери жок жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органында катталышат. Туруктуу жашаган жери жок жарандарды каттоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын юридикалык дареги боюнча, адамдын ким экенин билдирүүчү документтин негизинде ишке ашырылат.

Каттоонун жыйынтыгында, туруктуу жашаган жери жок жарандарга Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына тапшырыш үчүн маалымкат берилет.

Туруктуу жашаган жери жок жарандардын ким экенин билдирүүчү документтерин калыбына келтирүүгө, ошондой эле каттоого жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алууга байланышкан чыгымдар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына жүктөлөт.