Акыйкатчы Аппараты ИИМдин мекемелериндеги кыйноолорго каршы ишке максаттуу жана астейдил киришти

02/05/2019 - 11:21

Акыйкатчы Аппараты ИИМдин мекемелериндеги  кыйноолорго каршы ишке  максаттуу жана астейдил  киришти.

Атап айтканда, 2019-жылдын 30-апрелинде, Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү алдын-ала текшерүүлөрдү жүргүзүп, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайларын кыдырып келишти. Мониторинг учурунда  убактылуу кармоочу жайда камакка алынып отурган бардык адамдарга сурамжылоо жүргүзүлдү. Укук коргоочулар убактылуу кармоочу жайлардын баарын кыдырышып, милиция кызматкерлерине жана камакка алынгандарга жолугушуунун максатын түшүндүрүп, көрсөтө турган көмөктүн түрлөрүнө кеңири токтолушту.

Зарыл болгон укуктук кеңештерди алышкан соң, камакта отургандар соттук иштери туура эмес каралып, көп учурда убактысы созулуп жатканын, ошондой эле ИИББ кызматкерлери тарабынан да катаал мамиле болуп жатканын билдиришти.  Арасынан бирөө тергөө учурунда кыйноолорго дуушар болгону боюнча расмий арыз жазды. Учурда ал арыз боюнча тиешелүү текшерүүлөр жүрүп жатат.

Аталган иш-чаранын биринчи баскычы ИИББнын убактылуу кармоочу жайларына жана  ИИБ 27 обьектисин (РИИБ, ШМБ)  текшерүүгө багытталган.