Президент Сооронбай Жээнбеков КР Акыйкатчысы Токон Мамытовду кабыл алды

02/05/2019 - 11:09

Бүгүн, 2-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков КР Акыйкатчысы Токон Мамытовду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан элинин ассамблеясынын отчеттук мезгилдеги ишинин жыйынтыгы жана, 3-майга пландалган Ассамблеянын 25 жылдык мааракеси жана уюмдун IX (кезексиз) курултай тууралуу сөз болду.  Ошондой эле Ассамблеянын өлкөнүн коомдук-саясий турмушундагы ролу, анын мамлекеттик бийликтин бардык бутактары менен Кыргызстан калкынын биримдигин чыңдоо жана жарандык интеграция үчүн шарттарды түзүү маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, Токон Мамытов Кыргызстан элинин ассамблеясын КР Акыйкатчысы кызмат ордуна шайланганга чейин, б.а. 2018-жылдын 26-сентябрына чейин жетектеген.

Мындан тышкары, Акыйкатчы Омбудсмен Институтунун ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары тууралуу айтып, Кыргызстандын Президентине “2018-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө”  Баяндамасынын текстин таанышуу үчүн тапшырды. Ошондой эле ушул Баяндама жакынкы аралыкта КР Жогорку Кеңешинде угулаарын маалымдады. Баяндама 8 негизги бөлүктөн турат. Ар бир бөлүктөн кийин тийиштүү тыянактар чыгарылып, мамлекеттик тигил же бул органга тиешелүү сунуштамалар берилген. Ал сунуштамаларды эске алуу адам укуктары чөйрөсүндөгү абалды жакшыртууга өз салымын кош мокчу.