КР Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери КР жаранынын эмгек укуктарын калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүштү

03/05/2019 - 11:05

КР Акыйкатчысынын дарегине жаран Н.у.Н арыз менен кайрылган. Ал мурда  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинде эмгектенген.

Өз арызында арыз ээси аны кызматынан кетирүү үчүн ага карата аталган агенттиктин директору А.Рустамов тарабынан моралдык-психологиялык кысым көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, “КР мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР Мыйзамынын 34-беренесинин 4 жана 5-тарамдарын бузуу менен эки жолу тартипке чакыруу чарасы: “сөгүш” жана “эскертүү” берилген.

Н у Н арызын кароодо  Акыйкатчы институтунун кызматкерлери  Мамлекеттик кадр кызматына кат жолдошуп, ведомстволор аралык комиссия түзүүнү сураган. Аталган Комиссиянын курамына  КР Өкмөтүнүн, Коопсуздук кеңешинин,  КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жана Акыйкатчы аппаратынын өкүлүн кошууну жана тийиштүү корутунду берүүнү суранган.

Аталган комиссия түзүлүп, комиссиянын ишинин жыйынтыгында арыз ээсинин кайрылуусундагы дооматтар тастыкталды. Ушуга байланыштуу ведомстволук комиссия  КР Өкмөтүнө кайрылып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директоруна  жаран Н уН-ди мурда иштеген кызматы кадр иштери жана документациялык камсыздоо башкармалыгынын башчысы кызмат ордуна кайра  коюп,  кетирилген кемчиликтерди жоуюну тапшыруу суралган. Мындан сырткары, комиссия  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү КР мыйзамдарынын жогорудагыдай бузууларга жол койгон кызматкерлерине карата  тиешелүү тартиптик чараларды көрүү да сунушталган.