Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кыргызстан элинин ассамблеясынын IX кезексиз курултайына катышты
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов 2019-жылдын 3-майында Кыргызстан элинин ассамблеясынын IX кезексиз курултайына катышты, ага өлкөнүн бардык аймактарынан 250 делегат жана республикабыздын көп улуттуу калкынын 500 өкүлү чакырылган эле.
Бул иш чаранын жүрүшүндө ал 2016-жылдан тартып 2018-жылдын 26-сентябрына чейинки аралыкка отчетун берди. Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын кызмат ордуна шайланганга чейин Токон Мамытов үч жыл бою Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы болуп турган эле. Анын талапкерлиги Акыйкатчы катары бекилээри менен 2018-жылдын 27-сентябрында аны Акыйкатчы болуп шайланганына байланыштуу ушул ардактуу кызмат ордунан бошотуп коюу өтүнүчүн билдирип өз каалоосу менен арыз жазган.
Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп Шидакова Зухра Хаджимамудовна дайындалган эле.