КР Акыйкатчысы Адам укуктары боюнча кеңештин төрайымы жана Даниянын адам укуктары боюнча өкүлү менен жолугушту

06/05/2019 - 10:57

Бүгүн, 2019-жылы 6-майда КР Акыйкатчынын офисинде Омбудсмен Токон Мамытов  Адам укуктары боюнча кеңештин төрайымы Г.Султаналиева  жана Даниянын адам укуктары боюнча өкүлү  Б.Исаков менен жолугушту. Жолугушууда мындан аркы кызматташуунун маселелери жана келечеги талкууланды.

Адам укуктары боюнча кеңештин төрайымы Г.Султаналиева, 2017-жылы Адам укуктары боюнча кеңештин колдоосунда  үйрөтүүчү семинар өткөрүлгөнүн белгилеп, үстүбүздөгү жылы ушул багыттагы иштер улантылаарын маалымдады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Акыйкатчы аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жана Акыйкатчы аппаратынын ар бир кызматкеринин ишмердигин баалоонун индикаторлору талкууга алынды.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Акыйкатчы Токон Мамытов Республикада орун алган жагдайды эске алуу менен, адам укуктарын коргоонун өз философиясын иштеп чыгуу керек, ал адам укуктарын коргоо чөйрөсүн жакшыртууга шарт түзүүсү керектигин баса белгиледи.

-Андан тышкары, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери  келип түшкөн арыз жана даттанууларды кароодо жетекчиликке алууга тийиш болгон  адам укуктарын коргоонун иштиктүү принциптери зарыл, -деп белгиледи Токон Мамытов.