Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы “Азаттыктын” журналисти Ыдырыс Исаковдун ишин өз көзөмөлүнө алды

06/05/2019 - 10:55

Акыйкатчы Токон Мамытов “Азаттык” радиосунун кызматкери Ыдырыс Исаковдун иши боюнча соттук отурум Ош шаардык сотунда болуп калса мониторинг жүргүзүү боюнча Акыйкатчы аппаратынын Ош облусундагы өкүлчүлүктүн кызматкерлерине тапшырма берди. Ошондой эле Акыйкатчынын өкүлчүлүгү журналистке юридикалык көмөк көрсөтүүдө.

Эгерде Ыдырыс Исаковдун иши “Азаттык” радиосунун Бишкек шаарында жайгашкан кеңсесинин дареги боюнча (жоопкер расмий түрдө Бишкек шаарында иштейт, Ошко иш боюнча жөнөтүлгөн болчу) карала турган болсо, анда соттук отурумга Борбордук аппараттын кызматкерлери мониторинг жүргүзөт.

Акыйкатчы Токон Мамытовдун пикиринде, тараптардын бирөө ашыкча күнөөлүү болгон күндө да, доогер талап кылгандай сумма 50 млн. сом эмес, жашоонун чыныгы  деңгээлин жана минималдуу эсептик көрсөткүчтүн эң аз өлчөмүн эске алуу менен белгилениши керек.