Акыйкатчы авиакырсыкка байланыштуу россиялык кесиптештерине көңүл айтты
2019-жылдын 5-майында “Шереметьево” аэропортунда болгон авикырсык 41 адамдын өмүрүн алды. Москва-Мурманск аба каттамынын SSJ-100 учагынын бортунда баардыгы 78 адам учкан жатышкан. Алардын теңинен көбүн өрттөн куткарып калууга мүмкүн болбоду.
Аталган авикырсыкка байланыштуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов өзүнүн кесиптеши, Россия Федерациясынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т. Н. Москалькованын жана Мурманск облусунун Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М.В. Шиловдун дарегине көңүл айтуу катын жөнөттү.
Анда “Өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринин атынан авиакырсыктан каза болгон жана жабыр тарткан адамдардын үй-бүлөлөрүнө, жакындарына, досторуна көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөм” деп айтылат.