Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Топонбай Чотбаевди Жеңиш күнү менен куттукташты

08/05/2019 - 17:03

Бүгүн, 2019-жылдын 8-майында, Акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева жана институттун  кызматкерлери 1926-жылы туулган, 1944-1945-жылдары 389-запастык полкунун батальонундагы 7-чалгынчылык ротасынын 1-бөлүгүнүн курамында фашизмге каршы салгылашкан чалгынчы,  Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Топонбай Чотбаевди Жеңиш күнү менен куттукташты.

Күжүрмөн эмгеги жана эрдиги үчүн Топонбай Чотбаев “Германияны жеңгени үчүн”,”Жуков” наамындагы ошондой эле Жеңиштин 50 жылдыгы, 60-жылдыгы, 70 жылдыгы юбилейлик медалдары менен сыйланган. Буга чейин ал өлкөнүн коомдук турмушуна жигердүү аралашып, “Согуш ардагерлери” коомдук  бирикмесинин төрагасы болуп турган.

Омбудсмендин орун басары Гүлнара Жамгырчиева аскер-куткаруучуну бизге тартуулаган  бейпил турмуш, ачык асман жана  жаш муунга үлгү кылып калтырган өрнөктүү, жигердүү өмүрү үчүн ыраазычылыгын билдирип, аксакалга чың ден-соолук, узун өмүр каалап, Акыйкатчы институтунун атынан азык-түлүк жана  акчалай сыйлык  тапшырды.

93 жаштагы ардагер аксакал да өз кезегинде кыргыз элине берекелүү турмуш, өсүп-өнүгүүнү тилеп алаканын жайып батасын берди.