Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жана Прокуратуранын өкүлдөрү Бишкек шаарынын бардык райондук ички иштер бөлүмдөрүн текшеришти

13/05/2019 - 16:15

2019-жылдын 2-8-майына чейин Омбудсмен аппаратынын кызматкерлери Прокуратура органынын кызматкерлери менен биргеликте пландаштырылган иш-сапары менен  Сведлов, Октябрь, Биринчи май, Ленин райондук ички иштер бөлүмдөрүн кыдырышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө камакта отургандарга сурамжылоо жүргүзүлүп, тийиштүү журналдар текшерилип, бөлмөлөр каралды, ал эми мекеме жетекчилигине аталган текшерүүнүн максаты жана инспектордук комиссиянын мандаты түшүндүрүлдү.

Өз кезегинде ички иштер кызматкерлери жаңы ишке кирип жаткан мыйзамдарга байланышкан көйгөйлөрдү айтышты. Атап айтканда, жаңы кодекстин беренелериндеги карама-каршылыктарга, мыйзам ченемдерин колдонуудагы,  кылмыш иштерин кароодо кездешкен  айрым кыйынчылыктарга токтолушту.

Эскертсек: 2019-жылдын 6-мартында Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери кыйноолордун жана катаал мамилелердин алдын-алуу боюнча ишке киришкен.  Ушул максатта, кыйноолор жана катаал мамилелер көп катталган ИИБ бөлүмдөрунө коомдук байкоо жүргүзүү механизми иштелип чыккан. Бул демилгенин биринчи баскычы ИИБ жана ИИБ  27 мекемесинде  (РИИБ, ШМБ) жайгашкан убактылуу кармоочу жайлардын ишин күчөтүүгө багытталган.