КР Акыйкатчысы Токон Мамытов иш сапары менен Казань шаарында жүрөт
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов Казань шаарына иш сапары менен кетти. Ал жерде 15-16-май күндөрү жарандардын эмгек укуктарын коргоо маселеси боюнча координациялык кеңештин отуруму болот.
Программага ылайык, отурумга Россия Федерациясынын субьектилеринин Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, аткаруу бийлигинин федералдык органдарынын жетекчилери, илимий жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү жана бир катар чет өлкөлөрдүн Омбудсмендери катышат.
Иш чаранын жүрүшүндө Акыйкатчы жогоруда аталган маселе боюнча баяндама менен чыгып сүйлөйт жана мигранттарыбыздын маселелерин көтөрөт.
Акыйкатчы Токон Мамытов Россия Федерациясынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова менен Кыргызстандык мигранттардын учурдагы абалы жана мындан ары эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле соттолуп, Россиянын түзөтүү жана пенитенциардык мекемелеринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан эмгек мигранттарыбыздын Балдар борборлорунда тарбияланып жаткан жашы жетпеген балдарынын маселелерин да талкууламакчы.
Ошондой эле, Саха (Якутия) Республикасынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сардана Гурьева жана Кыргыз Республикасынан эмгек мигранттары көп болгон Россия Федерациясынын бир катар субьектилеринин Омбудсмендери менен жолугушуп, мигранттарыбыздын эмгек акыларын төлөөнүн кечеңдеп жаткан учурлары жана башка маселелерди талкуулайт.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын коомдук башталыштагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен Россия Федерациясынын облустарындагы адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен өз ара кызматташуусу тууралуу да өзүнчө сөз болот.
Эске салсак, КР Акыйкатчысы Россия Федерациясынын аймакутарында иштеп жана ошол аймакта коомдук башталышта мигранттарыбыздын укуктарын коргоого көмөк көрсөтүү үчүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындаган эле.