Блогер Бауржан Кадырбеков боюнча Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери тийиштүү иш-аракеттерди жүргүздү

21/05/2019 - 15:46

Блогер аталган Бауржан Кадырбеков боюнча КР Акыйкатчысынын орун басары Е. Алимбаевдин тапшырмасы менен Ош шаары жана Ош облусунун өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери Н. Бакиров менен А. Пазылов тийиштүү иш-аракеттерди көрүштү. 

Аталган кызматкерлер  20.05.2019-жылы  Өзгөн районуна иш сапарына чыгып, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилигине жолугуп блогер Б.Кадырбеков тууралуу сүйлөшүлүп  анын дарегин такташты. Окуя боюнча сүйлөшүүдө Кадырбеков Бауржан Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын С.Тургунов көчөсүнүн №24 үйүндө жашагандыгы жана ал  боюнча  жорук ишин өндүрүшкө алуу жөнүндөгү токтомдун көчүрмөсүн жана ага тиешелүү болгон бардык маалыматтар тергөө кызматынан алынды. 

Андан ары Бауржан Кадырбеков жана анын ата-энеси менен жолугуу үчүн  А.Пазылов жана Н.Бакиров Өзгөн районунун Мырза-Аке а/ө Мырза-Аке айылына барышкан, бирок  Б.Кадырбеков үйүндө жок болуп чыкты.  Коңшулары анын Ош шаарына ооруканага кеткендигин айтышкандыктан, өкүлчүлүктүн кызматкерлери Б.Кадырбековду Ош шаарында жайгашкан Ош областтар аралык клиникалык оорукананын кабыл алуу бөлүмүнөн табышып,  врачтардын карап жаткан учурунда  барып  жолугушту.    

Б.Кадырбеков менен жолугушуп сүйлөшүүдө, ал бели ооруп басалбай жатканын айтып,  ооруканага ошол күнү кайрылганын айтты. Баса албай калгандыгынын себеби, белгисиз милиция кызматкерлери тарабынан зомбулук болгонун айтты. «Кайсы милиция кызматкерлери, кайсы жерде уруп- токмоктогон?»- деген суроого Б.Кадырбеков жооп бере алган эмес.  Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери  Б.Кадырбековдун абалын жана ооруп жаткан дене бөлүгүн, анын уруксаты менен фото-сүрөткө тартып алышкан. Бирок денесинде көгөргөн же жана башка жарат белгилери байкалбаган.

Оорукананын нөөмөтчү дарыгери З.Арынов менен болгон сүйлөшүүдө,  «бардык адистиктеги дарыгерлер тарабынан текшертилип жана дарыгерлер консилиумунан кийин гана диагноз коюп, андан кийин жаткыруу жана дарылоо чечимин кабыл алабыз»- деген маалымат берди.

Б.Кадырбековго биздин өкүлчүлүктүн кызматкерлери укугунун бузулганы боюнча арыз жазууну сунушташкан, бирок Б.Кадырбеков арыз жазуудан баш тарткан.

21.05.2019-ж. саат 12.20 чамасында Б.Кадырбеков менен уюлдук телефон аркылуу байланышып, анын абалын сураганыбызда Ош областар аралык клиникалык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнүн палатасында жаткандыгын, диагноз коюла электигин билдирди.

Б.Кадырбековго байланышкан окуя Акыйкатчынын Ош  өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө жана кошумча маалыматтар болсо коомчулукту кабардар кылабыз.