Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов Дүйшөмбү шаарында эл аралык илимий-практикалык жыйында эки баяндама жасады
21-22-майда Тажикстан Республикасынын борбор шаары Дүйшөмбүдө “Тажикстан Республикасынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү: жетишкендиктери жана келечеги” деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык жыйын болуп өттү.
2019-жылдын 21-майында, Токон Мамытов “Борбордук Азия өлкөлөрүндө Адам укуктарын коргоо боюнча институттардын түзүлүшү, тажрыйба, көйгөйлөрү, жетишкендиктери жана аймактык кызматташуунун келечеги” аталышындагы биринчи жыйындын биринчи сессиясынын жүрүшүндө “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту: адам укуктарын жана эркиндигин коргоодо жана аны алдыга жылдырууда аймактык кызматташтыктын түзүлүшү жана ролу” аталышында баяндама жасады. Ал Ошондой эле конференциянын кийинки сессиясында КР Акыйкатчысы Токон Мамытов “Адам укуктарын коргоо чөйрөсүндө эл аралык милдеттенмелерди жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун ролу” аталышындагы экинчи баяндамасын жасады.
Жыйын программага ылайык, төрт сессиядан турду:
- Борбордук Азия өлкөлөрүндө Адам укуктарын коргоо боюнча институттардын түзүлүшү, тажрыйба, көйгөйлөрү, жетишкендиктери жана аймактык кызматташуунун келечеги:
- Адам укуктары коргоо боюнча улуттук укук коргоо мекемелердин ишмердүүлүгүнө Париждик принциптерди киргизүү:
- Адам укуктарын коргоо чөйрөсүндө эл аралык милдеттемелерди жүзөгө ашырууда Улуттук укук коргоо мекемелеринин ролу
- Улуттук укук коргоо мекемелердин мамлекеттик органдар жана жарандык коом менен өз ара алакасы
Аталган жыйынга Тажикстан Республикасынын Омбудсмени тарабынан уюштурулган бул эл аралык форумга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан,Түркмөнстан Республикаларынын Омбудсмендери жана БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары башкармалыгынын өкүлдөрү, эл аралык укук коргоо уюмдарынын жана жарандык сектордун өкүлдөрү катышты.