Акыйкатчы институту КР ИИМ Ички аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерине мурдагы кызмат ордуна тикеленишине жардам көрсөттү

23/05/2019 - 15:29

2019-жылдын апрель айынын аягында КР Акыйкатчысынын наамына  КР ИИМ ички аскер  кызматкери М.К. анын эмгек укуктарын коргоого жардам көрсөтүү жана мурдагы кызмат ордуна тикелөөгө көмөк көрсөтүүнү сурап кайрылган.

Арыз ээсинин айтымында,  2017-жылдын декабрында ден соолугуна байланыштуу Кургак учук менен күрөшүү борборуна  каттоого турган эле. Көпкө чейинки дарылануудан кийин (2018-жылдын декабрында) ал диспансердик каттоодон чыгарылган жана аскер поликлиникасынын гарнизондук-аскердик дарыгерлер комиссиясынын чечими менен  кызматка жарактуу деп таанылган.

Бирок, 2019-жылдын апрелинде  мурдагы жумуш ордуна чыкса, анын ордуна башка кызматкердин дайындалышы менен  аскер бөлүгүнүн командачылыгы аны  запаска которуу чечимин кабыл алганын маалымдашты. Мында, аны кызматтан бошотуу үчүн арыз ээсине моралдык-психологиялык кысым көрсөтүлгөн.

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасына  кайрылуусунан кийин М.К. КР ИИМ Ички аске  аскердик бөлүгүнүн колмандачылыгынын буйругу менен мурдагы кызмат ордуна  тикеленген.