КР Акыйкатчысы «Интербилим» коомдук бирикмесинин Оштогу филиалынын жетекчиси менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов «Интербилим» коомдук бирикмесинин Оштогу филиалынын жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева менен жолугушту. Жолугушуу учурунда социалдык жана менчик турак жай маселелерин талкуулоо болду.
Атап айтканда, Г.Мамасалиева Акыйкатчыга Кыргызстанда жарандардын социалдык турак жайга жана жеке там салуу үчүн жер тилкесине болгон конституциялык укуктарын жүзөгө ашырууда, ошондой эле аларды мамлекеттин керектөөсү үчүн алып коюуда мамлекет тарабынан компенсация төлөөдө келип чыгуучу системдүү укук бузуулар тууралуу айтып берди.
Г. Мамасалиеванын баалоосунда, бул маселеде олуттуу көйгөйлөрдүн келип чыгышынын себеби, Кыргыз Республикасында турак жайды коомдук керектөө үчүн алып коюу чөйрөсүндө мыйзамдык толук кандуу жөнгө салуу жок.
2014-15-жылдары Өкмөт бул мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу тууралуу буйругун чыгарган. Бирок Ченемдик укуктук акт азыркыга чейин кабыл алына элек. Демек, аны иштеп чыгуу кимге тапшырылган болсо, бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизе элек, натыйжада биздин жарандар алардын жеке турак жайын алып коюудан олттуу зыян тартышууда деп белгиледи,- “Интербилим” КБ Ош филиалынын жетекчиси.
Кыргызстандын Акыйкатчысы айтылган көйгөйдү тез арада чечүү зарылдыгына өзүнүн тилектештигин билдирди, ошондуктан КР Акыйкатчы институту менен “Интербилим” КБ ортосунда кызматташуу тууралуу тийиштүү меморандум түзүп, Кыргыз Республикасында турак жай саясатын жакшыртуу чөйрөсүн жакшыртуу багытында чогуу иштешүүнү коомдук бирикменин жетекчилигине сунуштады.