Кыргызстандын Омбудсмени Токон Мамытов Франциянын Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Микаэль Ру менен жолугушту

30/05/2019 - 15:14

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын укуктук айдыңына 2019-жылдын январь айынан тартып күчүнө кирген  бир катар  кодекстер жана мыйзамдарга кирген өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу талкуулашты. Алардын айрымдарына  Европа Биримдигинин эксперттери жана юристтери тартылган эле.  Мындан сырткары, Кыргыз Республикасындагы  жетим балдардын тагдырына байланышкан көйгөйлөр талкууга алынды.

Жолугушуунун аягында  Франциянын Кыргызстандагы Элчиси  Кыргызстанда аялдардын  укуктарын жана эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндө аткарып жаткан иштери үчүн жана конструктивдүү жана мазмундуу маеги үчүн  Акыйкатчы  Токон Мамытовго  ыраазычылык билдирди.

КР Акыйкатчысы Акыйкатчы аппараты менен Европа биримдигинин өлкөлөрүнүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн мындан ары үзүрлүү кызматташаарына ишеним билдирди.