Иши оң чечилген арыз ээлери Акыйкатчыга ыраазычылык жолдошот

04/06/2019 - 11:29

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын дарегине арыз ээлеринен  ыраазычылык каттары көп келет. Ошондой ыраазычылык каттарынын бири төмөндө берилген. Бул арыз боюнча КР Акыйкатчы аппаратынын Жарандык-саясий укуктарды, мигранттардын укуктарын, чет элдик жарандардын,  жарандыгы жоктордун жана аскер кызматкерлеринин укуктарын коргоо  бөлүмү иш алып барган. Алардын ишмердиги тууралуу жана алардын аракетинин натыйжасы тууралуу арыз ээсинин Ыраазычылык катынан таанышууга болот.