Акыйкатчы Токон Мамытов “Интербилим ЭБ” коомдук бирикмесинин Оштогу филиалы менен кызматташуу Меморандумуна кол койду

07/06/2019 - 11:23

Бүгүн, 2019-жылдын 7-июнунда КР Акыйкатчысы Токон Мамытов  “Интербилим ЭБ” коомдук бирикмесинин Оштогу филиалы менен Акыйкатчы институтунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу Меморандумуна кол койду. Келишим “Интербилим ЭБ” директору Гульгакы Мамасалиева тарабынан тастыкталды.

Бул меморандум  турак жайды түрттүрүп,  жана жер тилкелерин  алып коюу учурунда адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого,  жер тилкелерине мамлекеттик/коомдук муктаждыктарда, ошондой эле КР жарандары Туруктуу өнүгүү максатын ишке ашыруу боюнча жеткиликтүү турак жайга ээ болуу укугун бекемдөөдө, жеткиликтүү турак жай тармагындагы эл аралык эрежелерди, келишимдерди жана милдеттенмелерди кароого багытталат.  

Мындан тышкары эки тарап КР Акыйкатчысы алдында адамдардын, социалдык турак жай, ипотекалык насыя ошондой эле мамлекеттен коопсуз жана ыңгайлуу турак жайларды алуу үчүн укуктук мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кылууга арналган “КР Турак жай программасын” иштеп чыгуу, үйлөрдү түрттүрүү (жана/же жер тилкелерин ) жана алып коюу учурунда адилеттүү жана тийиштүү компенсацияларды берүү жаатында КР мыйзамдарын жакшыртуу маселелеринин үстүнөн иштеген тармактык  жумушчу топ түзүү боюнча чечим кабыл алышты.

Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн төмөнкү иш-аракеттер камтылмай болду: Өлкөнүн  турак жай саясатын жакшыртуу маселелерин талкуулоо үчүн бирдиктүү иш-чараларды өткөрүү (тегерек столдор, коомдук угуулар, укук бузууларга ж.б. мониторинг жүргүзүү); жарандардын  турак жайга ээ болуу укуктары бузулган учурларда биргелешип иш-аракеттерди көрүү;  турак жай тармагында улуттук, аймактык жана эл аралык деңгээлде тараптар жана өнөктөштөр тарабынан уюштурулган иш-чараларга катышууга; Туруктуу өнүгүү максаты улуттук программасынын  милдеттерин жана максатын ишке ашырууга байкоо жүргүзүү; жеткиликтүү турак жайга БУУ сунуштамалары; жарандардын турак жайга ээ болуу укугу бузулган учурда Акыйкатчынын аймактардагы өкүлчүлүгүнүн катышуусу.

Келишимге кол коюу учурунда белгиленгендей, эки тараптуу кызматташуу КР Конституциясынын, адам укуктарынын жалпы Декларациясынын  ошондой эле адам укуктарынын жана эркиндиктеринин  улуттук жана эл аралык ченемдерине ылайык ишке ашырылат.