Свердлов РИИБ Тергөө кызматынын жетекчилиги жана тергөөчүсү КР мыйзамдарын бузууга жол берип, сот чечимин аткарышпай жатат

10/06/2019 - 11:15

Мурда кабарлангандай, Акыйкатчы аппараты Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана Ички иштер министрлигинин жетекчилигине кайрылып, № 03-055-2019-005380 кылмыш ишин өз көзөмөлдүгүнө алуусун жана Бишкек шаарынын Свердлов РИИБ  тергөөчүсүнүн жана жетекчилигинин аракетсиздигине карата тийиштүү териштирүү жүргүзүү суралган эле.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 3-июнунда КР Акыйкатчысына Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, Свердлов РИИБде тергелип жаткан № 03-055-2019-005380 иш боюнча сотко чейинки өндүрүш мыйзамдуу, негиздүү, ар тараптуу, обьективдүү жана КР Жазык жана КР Жазык-процесстик кодекстерине ылайык жүргүзүлүшү үчүн укуктук жардам берүүнү суранып кайрылган эле.   

Арыз ээси, 2019-жылдын 2-майында 1982-жылы туулган М.Э. арыз ээсинин кызы 1988-жылы туулган С.С. иштиктүү жолугушууга кеңсеге чакырмыш болуп, батирге алып келип, зордуктоого аракет кылган.  Кыз зордукчулдан качуу аракетинде 3-кабаттагы суу агуучу түтүктөн ылдый көздөй түшүү аракетинде учуп түшкөн. Көптөгөн жаракаттарды алган: көкүрөгүнөн жана курсагынан жана жамбаш сөөгүнөн жабык жарат, сол согончогунан ачык жарат алганы жазылган.

Аталган окуя боюнча жабырлануучунун туугандары тарабынан Бишкек ш. Октябрь РИИБ зордукчулга мыйзамдуу чара колдонуусу боюнча тийиштүү арыз жазылган. Аталган иш Бишкек ш. Октябрь РИИБ Тергөө кызматынын тергөөчүсү А.А. өткөрүлүп, ал күнөөлөнүп жаткан кишини кармап жана сурак жүргүзгөн эмес. Андан кийин иш Бишкек ш. Свердлов РИИБ Тергөө кызматынын тергөөчүсү Эркин уулу Искенге .өткөрүлүп, анда да М.Э. күбө катары гана суракка алынган, кармалган эмес жана ага карата баш коргоо чарасы тандалган эмес.

Жабырлануучунун атасынын айтымында, “Тергөөчү Эркин уулу Искен  жабырлануучу өзүнүн арызында 6 жолу 02.05.2019 ж.  24.05.2019 ж., чейинки арыздарында, түшүнүк каттарында,  сурактарда 02.05.2019-ж. М.Э. зордуктоого аракет кылганы боюнча так жана даана айтып берип жатса дагы, анын бардык көрсөтмөлөрүн эске алынбай, ишенбей жатат”.

Бирок тергөөчү Эркин уулу Искен жана Свердлов РИИБ жетекчилиги  азыркыга чейин  КР Акыйкатчы институтунун кайрылуусун гана эмес, Свердлов рай сотунун судьясы Р.Ш. Саткынбаевдин 2019-жылдын 1-июнундагы чечимин да тоотпой жатат. Анда Свердлов РИИБ Тергөө кызматынын тергөөчүсү Эркин уулу Искендин аракети/аракетсиздиги мыйзамсыз жана КР мыйзамдарын бузган катары таанылган жана бул тергөөчүгө өзү тарабынан кетирилген мыйзам бузууларды жоюу милдеттендирилген эле.

Ушуга байланыштуу Акыйкатчы кайрадан КР Башкы прокуратурасына жана КР Ички иштер министрлигине кайрылып, тергөөчү Эркин уулу Искендин аракетине олуттуу көңүл буруп, анын ээлеген кызматына ылайыктуулугу боюнча маселени да кароо өтүнүчү менен кайрылган.