Арыз ээсинин кайрылуусунан: “Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү жарандардардын конституциялык укугун жана мыйзамдуу таламдарын коргоодо натыйжалуу таяныч болуп саналат”

10/06/2019 - 11:10

КР Акыйкатчысына Бишкек ш. тургуну М.К., кайрылуу келип түштү, анда арыз ээси Акыйкатчынын өзүнө жана Акыйкатчы институтунуна маселесинин оң жагына чечилишине көмөк көрсөткөнүнө ыраазчылыгын билдирген. 

Катта мындай деп жазылат: “Менин мыйзамдуу укугумду жана кызыкчылыгымды калыбына келтирүүдө көмөк көрсөткөнү үчүн Сизге жана сиздин өкүл  Л.П. Матвеевага ыраазычылыгымды билдирем!

Акыйкатчы өкүлүнүн катышуусундагы сот отурумда үчүнчү жак бир жыл төрт айдан бери соттук териштүүлөрдүн кийин, өзүнүн позициясын күтүүсүздөн өзгөртүп, жумуш ордума тикелөөгө берген доо арызымды колдоду!” КР Мамлекеттик кадр кызматынанын милдети жүктөлгөн үчүнчү жак Сиздердин өкүл Л.П. Матвеева катышкан үчүн туура чечимин чыгарды деп ойлойм! Тагыраак айтканда, Бишкек ш. Ленин райондук соту 2019-жылдын 25-апрелинде мени кызмат ордума кайра коюу жана аргасыздан бош жүргөн күндөр үчүн орточо эмгек акыны төлөтүү үчүн жазылган доо арызымды канааттандырды, ошентип менин мыйзамдуу эмгек укугум сот аркылуу калыбына келтирилди”. 

Мындан тышкары, арыз ээси өзүнүн жеке тажрыйбасында биздин өлкөдө Акыйкатчы аппаратынын бары абдан чоң мааниге ээ экенин түшүнгөнүн өзгөчө белгиледи.

-Сиздердин  жарандардын укугун коргоодо кылган мамилеңер жана жардамыңар бизге шык берип, үмүт арттырган үчүн КР Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү жарандардардын конституциялык укугун жана мыйзамдуу таламдарын коргоодо натыйжалуу таяныч болуп саналат”-деп белгиледи М,К.